7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда бажы көзөмөлү 5 сааттан 1 саатка чейин кыскарды

377

2025-жылы Мамлекеттик бажы кызматы бажы процесстерин санариптештирүү боюнча иштерди улантты. Бул тууралуу аталган кызматтын колегиясында айтылды.

Анда белгилегендей, ишканалар үчүн жол-жоболордун саны 18ден 9га чейин кыскартылды, ал эми бажы көзөмөлүнөн өтүү үчүн талап кылынган убакыт 5 сааттан 1 саатка, ал эми айрым өткөрүү пункттарында ондогон мүнөттөргө чейин кыскарды. Кызматкерлердин санын көбөйтпөстөн, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү үч эсеге көбөйдү.

Негизги көрсөткүчтөрдү онлайн мониторингдөөнү жана башкаруу чечимдерин аналитикалык колдоону камсыз кылган заманбап Кырдаалдык борбор түзүлдү.

Жүктөрдү жеткирүүнүн коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн бажы транзити модулу киргизилди. 2025-жылдын октябрь айынан бери QR коддорду колдонуу менен онлайн төлөм системасы аркылуу дээрлик 2 мдрд сомго төлөмдөр иштетилген.

378