Абайлаңыз, кар көчкү түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



