Бишкектин Көк-Жар конушунда 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен мектептин долбоору жана курулуш аянты менен таанышып чыкты.
Ал №88 орто мектептин кошумча имараты болуп саналат. Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуштун алгачкы этабы башталды.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.



