Жалал-Абад облусунун Манас шаарында салттуу эмес диний агымдын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунда светтик мамлекеттердин мамлекеттик саясатына каршы чыгып, шарият мыйзамдарын активдүү колдогон чет элдик «Фуркан» диний кыймылы тарабынан уюштурулган мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүктү токтотту.
Натыйжада чет элдик жаран менен 20 адам кармалган. «Фуркан» диний кыймылынын өкүлдөрү өз идеологиясын жайылтуу жана түштүк аймактарында уячаларды түзүү үчүн зарыл болгон диний иш-чараларды уюштуруу үчүн Жалал-Абад облусун пилоттук жай катары тандап алгандыгы аныкталды.
Мыйзамсыз миссионердик ишти уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата административдик айыптар салынып тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүк үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө эскертет.



