7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Жерүй алтын кениндеги кырсыкты өз көзөмөлүнө алды

386
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде катталган кырсык окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.
«Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы эки кызматкер ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан. Жабыркагандарга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Министрлер Кабинети кырсыктын бардык жагдайларын дыкат көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшүн камсыздайт. Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат»,- деп жазды Орунбеков.
387