7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Борбор Азия жана АКШнын «B5+1» экинчи бизнес форуму өтөт

27

 4-5-февралда Кыргызстандын борборунда “Бизнес (B)5+1” экинчи бизнес форуму өткөрүлөт.

Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес лидерлери менен өкмөттөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калууга багытталган. Негизги максаты – аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалогду өнүктүрүү.

Форумдун приоритеттүү багыттары айыл чарба, банк жана финансы иштери, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика жана туризм болмокчу.

Белгилей кетсек, “B5+1” биринчи форуму – 2024-жылдын 14-15-мартында Алматы шаарында өткөрүлүп, анда он өлкөнүн 250дөн ашуун кызыкдар тараптарын жана бизнес өкүлдөрүн чогулткан.

“В5+1” форуму – Борбор Азиянын беш өлкөсү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген “С5+1” дипломатиялык платформанын бизнес аналогу болуп саналат.

28