7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карагандыда хоккейчи оюн башталар алдында күтүүсүз каза болду

339

Казакстандын Караганды облусунда хоккей сүйүүчүлөрдүн беттеши трагедиялуу аяктады. Окуя түнкү хоккей сүйүүчүлөрдүн лигасынын алкагындагы беттеш учурунда болгон.

Оюнчу беттештин башында, сап түзүү учурунда күтүүсүздөн өзүн жаман сезип, кулап түшкөн. Лиганын өкүлдөрүнүн айтымында, окуя болгон жерде алгач биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан, андан кийин тез жардам чакырылган. Бирок, аталган киши дарыгерлер келгенге чейин каза болгон.

Караганды облустук Саламаттыкты сактоо департаменти бул маалыматты тастыктады.

Маркум СКА-Приозерск командасынын 46 жаштагы оюнчусу болгон. Ал Россиянын жараны экендиги жана Караганды шаарына иш сапары менен келгендиги аныкталган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

340