7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Достук-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы коррупция менен кармалды

24

«Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурганы үчүн Ош облусу боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы А.Н.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат адамы ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турганы, ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келгендиги аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

25