7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 25 миң кубдук резервуар курулуп, 200 га жерге бак отургузулат

339

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында заманбап сугат системасы курулуп, 200 гектар аянтка интенсивдүү бак отургузулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоордун жалпы өздөштүрүлүүчү аянты 200 гектарды түзөт. Бул жерде сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен заманбап жемиш бактары отургузулат. Азыркы учурда көлөмү 25 000 куб метрди түзгөн суу топтоочу резервуар курулууда. Бул сугат мезгилинин бардык учурунда туруктуу жана кепилденген суу берүүнү камсыздайт.

Долбоор үчун республикалык бюджеттен 54 млн сом каржыланат. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралган.

Аймакта жогорку түшүм берүүчү өрүктүн заманбап жарым карлик сортторунун көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул түшүмдү эрте алууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана суунун чыгымын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

340