7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каршы тилкеге чыгып, башкаларга тоскоолдук жараткан “Ховонун” айдоочусу кармалды

210

Каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу транспорттун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя 3-февралда болжол менен саат 18:00 чамасында катталган.

“Ага карата укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, ошондой эле профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары! Сиздерди өзгөчө сак болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырабыз. Ири көлөмдөгү жүк ташуучу транспортту башкаруу жогорулатылган жоопкерчиликти талап кылат, анткени сиздердин аракеттериңиздер айлана-чөйрөдөгү адамдардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет”, — деп эскертет башкармалык.

 

211