7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Амангелдиев: Бизнес форум — саясат менен реалдуу долбоорлордун ортосундагы көпүрө

28

Бизнес форум саясий келишимдер менен аларды долбоорлор, инвестициялар жана өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруунун ортосундагы көпүрө болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өтүп жаткан»Бизнес 5+1″ форумунда билдирди.

Ал 2025-жылы Вашингтондо өткөн Борбор Азия жана АКШ лидерлеринин саммити кызматташуу үчүн так жана амбициялуу векторду белгиледи.

Форумга дүйнөлүк экономикалык жана технологиялык тенденцияларды калыптандырган алдыңкы эл аралык компаниялар катышууда. Биз АКШдан келген инвестицияларга өзгөчө маани беребиз, аны капитал катары гана эмес, технологиянын, башкаруу стандарттарынын жана инновациянын булагы катары да карайбыз. Тейлөө тармагы, IT жана чыгармачыл экономика, ошондой эле логистика, төлөм инфраструктурасы жана өнөр жай долбоорлорундагы заманбап чечимдер өсүш үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Кыргызстан заманбап, ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүүгө багытталган ири масштабдуу реформаларды ишке ашырды. Биз бизнес үчүн электрондук кызматтарды киргизүү, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана бирдиктүү терезе принцибин колдонууну кеңейтүү менен мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнү бир топ алдыга жылдырдык.

Ошол эле учурда капитал рыногу өнүгүп, институционалдык инвесторлорду жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүп жатат. Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугунун потенциалын чыңдоо жана аймактык жана глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоо үчүн инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда», — деди ал.

 

29