7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таңкы рейд: Оштогу каралбай калган үч негизги көчөнүн инфратүзүмү оңдолот

300

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шаар мэри борбордук аянтты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, жаңы курулуп жаткан имаратка ылайык анын айланасын иретке келтирүү керектигин билдирген.

Ошондой эле шаардын негизги Алымбек датка, Курманжан датка жана А.Масалиев көчөлөрүнүн инфратүзүмү этап-этабы менен оңдолорун белгилеп өттү.

Кыдыруунун алкагында Алымбек датка көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан иригациялык лотокторду орнотуу иштери менен таанышып, тиешелүү кызматтарга жарандарга ыңгайсыздык жаратпай, жумуштарды мүмкүн болушунча эртерээк жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

 

301