Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Борбиев Бишкектеги тыгындарды азайтуу боюнча кандай чечимдер кабыл алынып жатканына кызыкты, анткени алар да ыштын пайда болушуна себеп болууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарынын башкы планы иштелип жатканын, анда жол түйүндөрү, «акылдуу» светофорлорду орнотуу, айланма жолдор жана эстакадалык көпүрөлөрдү куруу каралганын билдирди.
Вице-мэр Рамис Алиев Башкы пландын алкагында тийиштүү иштер каралганын айтып берди.
«Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаары боюнча 120 чакырым жолду оңдоо пландалууда, анын ичинде 6 көпүрө жана 3 жол түйүнү бар. Быйыл коомдук транспортко артыкчылык берилет. Ошондой эле 12 жаңы көчө ачылат», — деп белгиледи ал.



