Токмокто тигүү цехтериндеги кездемелердин калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал белгилегендей, кездемелердин калдыктарын өрттөө экологияга чоң зыян алып келет.
“Учурда Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери иш алып барышууда. Биз бардык керектүү жабдууларды сатып алдык. Кара түтүн каптаган обьекттер дрондор аркылуу текшерүүгө алынат. Экологиялык инспекция, мэрия жана милиция кызматкерлери бул жаатта кызматташышып, айып пул салышат”, — дейт ал.
Ал кошумчалагандай, Токмок шаарында тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын кайра иштетүүчү жай ачылып, кездемелерди кайра колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.



