Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа жана Кара-Коо айылдарында Ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен курулган эки айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараттары салтанаттуу түрдө ачылып, расмий пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ысык-Көл ОИИБ башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов, Тоң районунун прокурору, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер органдарынын ардагерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган имараттар ички иштер органдары үчүн курулуп жаткан заманбап объектилердин кезектегиси болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул имараттар Ысык-Көл облусунда курулуп, пайдаланууга берилген 11-чи жана 12-чи милиция имараттары болуп эсептелет. Мындан тышкары, облус аймагында 40ка жакын имараттын курулушу мерчемделип, алардын ичинен дагы 5 имарат жакынкы аралыкта ачылып, пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.



