7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султан Каримов: Президенттин колдоосуна рахмат, жакында ишке киришем

1051

Бүгүн, 22-апрелде президент Садыр Жапаровдун атынан белгилүү ырчы Султан Каримовго акчалай жардам тапшырылды.  Аны президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген  Базарбаев тапшырган.

Султан Каримов саламаттыгы күндөн-күнгө жакшырып баратканын айтып, жакында ишке чыгуу ниетин билдирген.

«Чын жүрөгүмдөн кыйын убакта мага жана үй-бүлөмө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз элине ыраазымын. Оору акырындык менен артта калууда. Түркияда дарыланып келдим. Президент Садыр Жапаровго материалдык колдоосу үчүн рахматымды айтам. Ошондой эле президент Жапаровдун маданият тармагына көңүл бура баштагандыгына кубанычтамын. Сахнада жүргөнүмө 45 жыл болду, алдыда дагы көптөгөн пландар бар. Жакында ишке киришем» — деди Султан Каримов.

Эл артисти Султан Каримов кант диабетинин биринчи түрү менен катуу ооруп жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1052