Бүгүн, 22-апрелде президент Садыр Жапаровдун атынан белгилүү ырчы Султан Каримовго акчалай жардам тапшырылды. Аны президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев тапшырган.
Султан Каримов саламаттыгы күндөн-күнгө жакшырып баратканын айтып, жакында ишке чыгуу ниетин билдирген.
«Чын жүрөгүмдөн кыйын убакта мага жана үй-бүлөмө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз элине ыраазымын. Оору акырындык менен артта калууда. Түркияда дарыланып келдим. Президент Садыр Жапаровго материалдык колдоосу үчүн рахматымды айтам. Ошондой эле президент Жапаровдун маданият тармагына көңүл бура баштагандыгына кубанычтамын. Сахнада жүргөнүмө 45 жыл болду, алдыда дагы көптөгөн пландар бар. Жакында ишке киришем» — деди Султан Каримов.
Эл артисти Султан Каримов кант диабетинин биринчи түрү менен катуу ооруп жүргөн.