Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады.
1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан Мамлекеттик туу бекитилген. Бул күн эгемендүүлүгүбүздүн, суверендүүлүгүбүздүн жана улуттук биримдигибиздин символу катары тарыхыбызда өзгөчө орунду ээлейт.
Мамлекеттик туунун авторлору — Бекбосун Жайчиев, Эмил Абдылдаев, Жусуп Матаев жана Сабыр Иптаров — терең тарыхый жана философиялык мааниге ээ мамлекеттик символду жаратышкан.
Туунун кызыл түсү элдин эрдигин жана кайратын даңазалайт. Кырк нурлуу күн кыргыз элинин байыркы кырк уруусунун биримдигин билдирет. Ал эми түндүк — ата-бабадан калган ыйык очоктун, үй-бүлөнүн жана муундардын уландысынын белгиси катары туруктуулукту жана руханий өзөктү символдоштурат.
Мамлекеттик туу — бул жөн гана расмий белги эмес. Ал — улуттун маданий өзөгүнүн, тарыхый эс тутумунун жана дүйнө таанымынын чагылышы. Маданият аркылуу — музыкада, адабиятта, театрда, көркөм өнөрдө жана элдик чыгармачылыкта — мамлекеттик символдордун маани-маңызы жаш муундарга жеткирилип, мекенчилдик сезим жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик калыптанат.
Бүгүн мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйды бекемдөө, жаштардын жүрөгүндө Ата Мекенге болгон сыймык сезимин арттыруу өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ар дайым тынчтыктын, биримдиктин, өнүгүүнүн жана жаратмандыктын символу болуп бийик желбирей берсин!



