7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанат өттү (ФОТО)

375

Борбор калаада 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Салтанаттуу концерт «Жаштык» аренасынын имаратында уюштурулуп, ага шаардын бардык райондорунан келген 5000ге жакын аял катышты.

Иш-чарага Биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ардактуу коноктор, ошондой эле борбор калаанын коомдук турмушунун ар кыл тармактарында эмгектенген айымдар катышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев айымдарды куттуктап, бардык аялзатын 8-Март майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлөрүнө ынтымак жана ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле калаа башчысы «Бишкек жашыл курулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкер айымдарынын эмгегин өзгөчө белгилеп, борбор калааны көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Майрамдык программада классикалык чыгармалар, заманбап композициялар, белгилүү аткаруучулар жана чыгармачыл жамааттар катышкан концерт тартууланды. Иш-чара аялдардын коомдун, шаардын жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымына болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси болду.

376