7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык Эр-Рияд аркылуу Бишкекке жөнөтүлдү

183
Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандык жарандар Кыргызстанга кайтарылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.
Анын айтымында, Доха шаарынан жалпы 134 жаран автобустар менен Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарына жолго чыгышты. Ал жактан алар учак аркылуу Бишкекке учуп келишет.
Жарандарды эвакуациялоо иштерин уюштуруу, чек аралар аркылуу өткөрүү жана логистикалык маселелерди чечүү иштерин Кыргызстандын бул өлкөлөрдөгү элчиликтери жана Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, Дохадан чыккан жарандар Эр-Рияддан учуп чыгып, 8-март күнү кечинде Бишкекке жетери күтүлүүдө.
Эске салсак, Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаалга байланыштуу ал жакта калып калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып келүү боюнча тапшырма берип, бул иштерди жеке көзөмөлүнө алган.
Буга чейин Бириккен Араб Эмираттары аймагынан атайын уюштурулган эки авиарейс аркылуу 260 кыргызстандык мекенине кайтарылган.
184