7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Республикалык кан борборунда коррупциялык схема аныкталды

14

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунда коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан борборунун мурдагы директору 1972-ж.т. К.Б.Б. (2012-жылдан 2025-жылдын августуна чейин кызматта болгон) 2020-жылы «М» ЖЧКсынын жеке менчик компаниясынын жетекчиси менен бюджеттик каражаттарды ири өлчөмдө чыгарып кетүү максатын көздөп, РКБга кымбат баалуу Cobas S201 маркасындагы пцр-лабораториясын жана ARCHITECT Plus жана ABBOTT маркасындагы ихла-лабораториясын орнотушкан.

Медициналык жабдуулар орнотулгандан кийин К.Б.Б. Республикалык кан борборуна ПЦР жана ИХЛА лабораториялары үчүн керектүү реагенттерди жеткирүү боюнча «М» ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Аталган компания 5 жыл бою реагенттерди жогорулатылган баада жеткирип турган. Ал эми «откат» катары алынган каражаттын белгилүү бир бөлүгү директор К.Б.Б.га берилип турган.

Аталган министрликке караштуу Республикалык кан борборунун 2020–2025-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында мурдагы директор К.Б.Б. жана жеткирүүчү «М» ЖЧКнын аракеттеринен мамлекетке 36 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.

2026-жылы 5-мартта аталган К.Б.Б. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми «М» ЖЧКсынын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилет.

Аталган кылмыш иши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

15