7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектик дзюдочу Ачык Европа кубогунун чемпиону болду

241

Бишкектик дзюдочу Ачык Европа кубогунун чемпиону болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Мухаммедали Ырысдолотов 2009–2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өткөн дзюдо боюнча Ачык Европа кубогунда алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, эл аралык мелдеш 7–9-март күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өттү. Турнирге 21 өлкөдөн келген спортчулар катышып, жалпысынан 550гө жакын катышуучу катталган.

242