7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марлен Маматалиев Кытайдын элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды

337

Төрага Марлен Маматалиев Кытайдын элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө коңшу жашаган эки элдин кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген Төрага: «Ал эми биз парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү менен мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүүгө даярбыз», – деди.

Ошондой эле акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын эске салган Төрага буга эки өлкөнүн башчылары өткөн жылы үч жолу жолукканын мисал кылды.

«Алардын натыйжасында узак жылдардан бери ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Ошондой эле биргелешкен бир катар инвестициялык долбоорлор боюнча макулдашууларга жетишилди», – деген Төрага мындай калыптанган кызматташтык жигердүү уланышы керектигин кошумчалады.

Тагыраагы, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү да башкы максат экенин айткан Марлен Маматалиев: «Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда тыгыз иш алып барып жатабыз. Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Ортодогу потенциалды толук пайдаланып, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз», – деди.

338