7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков Баскетбол федерациясынын президенти болуп шайланды

11

Артем Новиков Баскетбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.

Анда белгиленгендей, бул чечим башкармалыктын кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир добуштан кабыл алынган.

Жаңы жетекчи федерациянын мүчөлөрүнө ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө спортту өнүктүрүү жана жаштар демилгелерин колдоо маанилүү экенин белгилеген.

“Федерацияны жетектөөгө ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн чоң рахмат. Биргелешкен аракеттер менен баскетболдун популярдуулугун дагы да арттыра алабыз деп ишенем”,-деп билдирген ал.

Анын айтымында, жакынкы мезгилде федерация балдар жана өспүрүмдөр баскетболун өнүктүрүү, улуттук курама командаларды күчтөндүрүү жана өлкө боюнча спорттун бул түрүнө инфраструктураны кеңейтүү сыяктуу негизги багыттарга көңүл бурат.

Белгилей кетсек, учурда Новиков Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматын аркалап келет.

12