7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ауэзов көчөсүндөгү мыйзамсыз күркөлөр алынып, ордуна сквер курулат

315

Күн мурун Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Ауэзов көчөсүндөгү соода объекттеринин абалы менен жеринде таанышты.

Мэриянын билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө соода күркөлөрүнүн ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаждоо зарылдыгы тууралуу кезектеги эскертүүлөр берилди.

Белгиленгендей, күркөлөр жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган «жашыл зонада» жайгашкан.

Ишкерлерге ишмердүүлүгүн улантуу үчүн «Чынар» жана «Аламүдүн» базарларынан атайын орундар сунушталганы менен, алар бул сунуштан баш тартышкан.

Буга чейин, 28-февралда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объекттерди ыктыярдуу демонтаждоо боюнча эскертүүлөр берилген, бирок ээлери тарабынан эч кандай реакция болгон эмес. Мындан улам, 11-мартта аталган объекттер электр энергиясынан жана суу түйүндөрүнөн ажыратылды.

Бул аймакты иретке келтирүү менен Аламүдүн-1 кичи районунун жашоочулары үчүн заманбап кичи сквер куруу пландалууда. Эгерде демонтаждоо талаптары өз мөөнөтүндө аткарылбаса, күркөлөр мыйзамда каралган тартипте мажбурлап алынат.

316