7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды

327
Ички иштер министрлигине жаран  арыз менен кайрылып, анда чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алышканын билдирген.
 Арызга ылайык, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин аялдар жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батирлерди жана автоунааларды алып берүүнү убада кылышкан. Ошол шылтоо менен алар жабырлануучу менен ар кайсы жерлерде жолугуп, жалпы 90 000 АКШ долларын алдамчылык жолу менен ээлеп алышкан.
 Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталып, ал Чүй облусунун тургуну экени белгилүү болгон. Ошондой эле анын 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип келгени жана Чүй областтык адвокатурасынын мүчөсү экени такталган.
Ошондой эле, ал буга чейин дагы бир нече жарандарды ушундай ыкма менен алдап, акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.
Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
 Эгерде бул жарандардын аракеттеринен жабыр тарткандар же кандайдыр-бир маалыматка ээ болгон адамдар болсо, ИИМдин Тергөө кызматына +996 503 552 200 телефону аркылуу байланышууңуздарды суранабыз.
328