7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Татарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

223

15-мартта Татарстандагы Набережные Челны – Альметьевск унаа жолунда болгон жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Альметьевск районунда КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 1986-жылы туулган айдоочусу К.А.К. жана 1987-жылы туулган жүргүнчүсү Ш.А.Р.  окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдар Кыргызстандын жарандары экени такталды.

Учурда каза болгондордун сөөгү Альметьевск шаарындагы моргго жеткирилди. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, маркумдардын туугандарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул маселе Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.

224