7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык кызматташтыгы тереңдейт

23

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, тараптар кызматташтыкты жана парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев Азербайжан менен мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Ошондой эле тармактык комитеттер жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.

Элчи Латиф Гандилов Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларына чейин көбөйгөнүн билдирди. Бул каражаттар ири долбоорлорду пайызсыз каржылоого жумшалууда.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык жана маданий тармактарда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, эл аралык уюмдардын алкагында бири-бирин колдоо боюнча пикир алмашты.

Элчи Латиф Гандилов Азербайжандын Улуттук Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарованын саламын жеткирип, эки өлкө ортосундагы парламенттик дипломатияны чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

24