7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Байсалов менен Алиев тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт…

324

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин кызматтан кетиши тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы аты аталган жетекчилер жумуштан бошотулган эмес жана өз ордуларында иштеп жатышат.

«Айрым маалымат каражаттарында жана платформаларда тарап жаткан бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Жогоруда аты аталган жетекчилерге байланыштуу эч кандай кадрдык чечимдер кабыл алынган эмес. Бардык жетекчилер өз ордунда ишин улантууда,» — деп жазган соцтармактагы баракчасында Орунбеков.

325