7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирланбек Таалайбековго сөгүш жарыяланды

18

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирланбек Таалайбековго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев дем алыш күндөрү Орто-Сай базарын кыдырып, базардын учурдагы абалына нааразычылыгынын негизинде ушундай чечимге келген.

Ошондой эле «Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» муниципалдык ишканасынын башчысы  Асылбек уулу Бакайга да сөгүш жарыяланган.

“Бир жыл ичинде аймакты жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүнө карабастан, жооптуу кызматтар тарабынан тийиштүү туруктуу көзөмөл камсыздалган эмес. Натыйжада абал кайрадан мурдагы кейпине келип, башаламан соода жанданып, аймактын жалпы көрүнүшү начарлаган”, — деп жазылат маалыматта.

19