7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр Орто-Сай базарын текшергенден кийин 3 жетекчини кызматтан алды

248

“Баарын көзөмөлсүз калтырып, бир жолку иш менен чектелүүгө болбойт. Бул биздин күнүмдүк милдетибиз жана аны дайыма аткарышыбыз керек. Бул бардык жетекчилер үчүн эскертүү», — дейт Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бүгүнкү жыйында.

Ал дем алыш күндөрү Орто-Сай базарына барып учурдагы абалы менен таанышып, нааразычылыгын билдирген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков ээлеген кызматттарынан бошотулган.

Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн мэрдин орун басарлары Азамат Кадыровго жана Рамиз Алиевге эскертүү берилди.

Ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу кароого алынды.

249