Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен, «Эбристан» коомдук фонду тарабынан уюштурулган эбру өнөрүнө арналган иш-чара 31-марттан 3-апрелине чейин Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде өтөт.
Кылымдар бою Борбор Азиядан Анатолияга чейин созулган маданий жолдун маанилүү бөлүгү болгон эбру өнөрү бул жолу кайрадан ата журту менен жолугууда. Түркияда өнүгүп, дүйнөлүк деңгээлде таанылган бул байыркы искусство Бишкекте өтө турган көргөзмө аркылуу кыргыз көрүүчүлөрүнө сунушталат.
Иш-чаранын ардактуу коногу — эбру өнөрүн дүйнөлүк деңгээлде тааныткан, ЮНЕСКОнун «Адамзаттын жандуу казынасы» наамынын ээси Хикмет Барутчугил. Ал өзүнүн уникалдуу ыкмалары жана заманбап чечмелөөлөрү аркылуу эбру өнөрүн дүйнөгө таанытып, аны универсалдуу искусство тилине айландырган. Хикмет Барутчугилдин шакирти, кыргыз эбру сүрөтчүсү Мухлиса Имамова Кыргызстанда бул өнөрдүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет. Ал негиздеген «Эбристан Бишкек Эбру Үйү» аркылуу бул искусствону жергиликтүү чөйрөгө жайылтып, өз эмгектеринде кыргыз маданиятына таандык символдорду эбру аркылуу жаңыча чечмелеп келүүдө.
Көргөзмөнүн алкагында сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен катар жандуу эбру көрсөтүүлөрү да уюштурулат. Программада Түркия жана Кыргызстан желектери, ошондой эле Баткен облусунун символу болгон Айгүл гүлү эбру техникасы менен жандуу түрдө көрсөтүлөт. Келген коноктор бул өзгөчө өнөрдүн жаралуу процессине жакындан күбө болуп, аны өздөрү да сезип көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бул иш-чара жалпы тарыхтын издерин бүгүнкү эстетика менен айкалыштырып, эки өлкө ортосундагы маданий жакындашуунун күчтүү үлгүсү болуп саналат.



