7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысын кабыл алды

14

Бүгүн, 25-мартта президент Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчысы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалап, азыркы тапта өлкөдө уюм тарабынан 22 долбоор ишке ашырылып жатканын айтты. Уюмдун региондогу ишмердүүлүгү учурундагы эң ийгиликтүү долбоорунун бири болуп борбор калаадагы ЕККУнун Академиясы саналат.

Ал ошондой эле ар кыл тармактарда, анын ичинде сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле адам укуктарын жана демократиялык эркиндиктерди камсыздоо боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн Уюмга ыраазычылык билдирди.

Президент Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөө тууралуу айтып жатып, бул багыт Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенине өзгөчө токтолду. Ал Башкы катчынын сапары Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары боюнча маанилүү тарыхый келишимдерге кол коюлуп, алардын күчүнө киргенинин жылдыгына туш келгенине көңүл бурду.

Бул контекстте Садыр Жапаров өлкө ЕККУнун туруктуу тынчтыкты сактоо жана аймагыбыздын чектеш аймактарында ишенимди бекемдөө чараларын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын демократияны өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин, ошондой эле парламенттеги жана жалпысынан саясаттагы аялдардын кеңири өкүлчүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын коңшулаштык жана ишенимдүү мамилелерди курууга негизделген жана эл аралык укуктун принциптерин карманган тышкы саясатына токтолду. Буга байланыштуу ЕККУнун Башкы катчысы президент Садыр Жапаровдун Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту жана кызматташтыкты камсыздоого кошкон салымын өзгөчө белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү азыркы татаал геосаясий кырдаалга, Жакынкы Чыгышта, анын ичинде боордош өлкөлөрдө миңдеген жай тургундар жабыркап, маанилүү инфраструктура талкаланып жаткан жаңжалга тынчсыздануусун билдирди.

Жыйынтыгында тараптар бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

15