7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 180 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн документи тапшырылды

20
Бишкекте 180 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн документи тапшырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Бишкектин Ажыбек Баатыр көчөсү 1/5, 1/6, 1/7 дарегиндеги 3 блоктон турган 9 кабаттуу 180 батирдин пайдаланууга берүү актысы тапшырылды.
Объект “Восток Строй Инвест” тарабынан курулуп, пайдаланууга берүү маселеси иш жүзүндө 10 жыл бою чечилбей келген. Негизги көйгөй катары жер тилкесине байланыштуу коңшу субъекттер менен соттук териштирүүлөр болгон.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги 2025-жылдан баштап турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштерди системалуу жүргүзүп келе жатканы белгилүү.
Аталган объект расмий пайдаланууга берилбей калгандыктан, жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген. Ошондой эле, көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында көп жылдан бери чечилбей келген маселелер жөнгө салынып, объект расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул өз кезегинде тургундарга батирлерин мыйзамдаштырууга, тиешелүү документтерди алууга жана коммуналдык кызматтарды белгиленген тарифтер боюнча пайдаланууга шарт түзөт.
21