7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерине старт берди

15

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерине старт берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы аталган жол шаар үчүн эң маанилүү жана артыкчылыктуу жолдордун бири экенин баса белгиледи.

Долбоорго ылайык, Ош көчөсү Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Ошондой эле Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернатива жолдордун бири болуп кызмат кылат.

Белгилей кетсек, көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган.

16