29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча биринчи каттам аткарылды.
Белгилүү болгондой, бул багыттагы туруктуу каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылып турат. Биринчи каттам менен 134 жүргүнчү келсе, кайра Гуанчжоу шаарына 104 жүргүнчү учуп кеткен.
Бул каттамдын ачылышы эки өлкө ортосундагы транспорттук, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.
«Бул каттамдын ишке кириши — маршруттук тармакты кеңейтүүдө жана Кыргызстандын эл аралык байланыштарын бекемдөөдө маанилүү кадам. Биз бул багытта жүргүнчүлөр агымы жана жүк ташуу боюнча чоң потенциалды көрүп жатабыз», — деп белгиледи «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.



