7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зардалыга кичи футбол аянтчасы курулууда

307

Зардалыга кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдирди.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен курулуп жаткан кичи футбол аянтчасын көрүп чыкты.

Эске салсак, 2024-жылы 29-сентябрда мамлекет башчысы Зардалы айылына барып, айыл тургундары менен жолугушууда, айылга электр жарыгы, уюлдук байланыш жеткирүү, жол, көпүрө куруу маселесин колдоого алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон. Ага ылайык, айылга электр жарыгы берилди. “Мега” компаниясы аркылуу айылга мобилдик байланыш жана интернет жетти. Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы автожолу пайдаланууга берилди. Жаңыдан курулган жол эскисинен 26 чакырымга кыскарды. Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.

Белгилей кетсек, Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 км алыстыкта тоо арасында жайгашкан. 2024-жылга чейин элеттиктер электр жарыгысыз, байланышсыз жашап, жол азабын тартып келишкен.

308