7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эне жана баланы коргоо борборунда ашказан-ичеги ооруларын эрте аныктоонун заманбап ыкмасы киргизилүүдө

201
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ашказан-ичеги жолунун ооруларын эрте аныктоонун заманбап ыкмасы киргизилүүдө. Бул тууралуу Саламттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жогорку технологиялык заманбап диагностикалык ыкмаларды киргизүү улантылууда. Кезектеги эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин катышуусунда жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө — бул эндоскопия менен ультраүндүн мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган жогорку маалыматтуулукка ээ ыкма. Бул технология ашказан-ичеги жолунун дубалдарынын жана айланасындагы ткандардын абалын деталдуу баалоого, ошондой эле жаңы пайда болгон түзүлүштөрдү эрте стадиясында аныктоого мүмкүндүк берет. Бул онкологиялык ооруларды өз убагында аныктоодо өзгөчө мааниге ээ.
202