Баткенде өрүк бактарына дрон менен дары чачылууда
11
Баткенде өрүктүн түшүмүн сактоо үчүн дрон менен дары чачылууда. Бул тууралуу Баткен райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында өрүк бактарындагы зыянкечтерге каршы дрон менен бактарга дары чачуу иштери уюштурулуп, айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу максаты көздөлүүдө.
«Бул ыкма убакытты үнөмдөп, дарынын бирдей жана натыйжалуу чачылышын камсыз кылат. Мындан сырткары, адам күчүн аз колдонуу менен коопсуздук талаптары да сакталууда.
Өрүк бактарына зыянкечтерге каршы дары чачууну каалаган жарандар Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылса болот», — делет маалыматта.