7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык окуучулар Өзбекстанда өткөн олимпиададан ийгиликтүү кайтышты

218

Кыргызстандык окуучулар Өзбекстанда өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадага катышты. Бул тууралуу окуучулардын биринин апасы Жылдыз Асанбекова 7-каналга билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиада Бухара шаарында 27-28-март күндөрү менталдык арифметика боюнча өткөн. Өлкө атынан Нарындагы Үсөн Асанов атындагы облустук мектеп-лицейинен 7-8-классынын окуучулары Адинай Дүрбөлөңова, Арууке Майназарова катышып, 3-орунга ээ болушту.

Буга чейин Адинай Дүрбөлөңова менталдык арифметика боюнча Түркия, Казакстанда өткөн бир нече эл аралык сынактарга катышып байгелүү кайткан.

Белгилей кетсек, олимпиадага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 600 окуучу катышкан.

219