Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Козуев Ниязбек Эгемкулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — делет маалыматта.



