Коомдо азыркыга чейин салыкты “акчаны күч менен тартып алуу” деп түшүнгөн туура эмес көз караш бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, жарандардын салык системасына болгон мамилесин өзгөртүү жана салык төлөөнүн маңызын туура түшүндүрүү зарыл. Ал салыктарды өлкөнүн экономикасына жана келечек муундарга кошулган салым катары кабыл алуу керектигин белгиледи.
“Ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшүнө өз ыктыяры менен салым кошушу керек. Биз бул багытта активдүү иш алып барып жатабыз. Жарандарга жана бизнес өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салыктарды өз убагында төлөөнүн маанисин жеткирүүгө аракет кылуудабыз”,-деди ал.
Ошондой эле ал салык кызматкерлерине да түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Аларга салык төлөөчүлөргө басым көрсөтпөй, өнөктөштүк мамиле түзүү зарылдыгы түшүндүрүлүп жатканын белгиледи.



