7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө мыйзамсыз алынып келе жаткан 12 млн сомдук дарылар аныкталды

219

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына ири көлөмдө мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана эл керектөөчү ар кандай товарларды алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок медициналык препараттар жана буюмдар, ошондой эле ар кандай азык-түлүк товарлары аныкталды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 12 млн сомдон ашат.

Учурда аталган факт боюнча материалдар эсепке алынбаган товарларды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.

220