7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык мыйзамсыз эсептелген салыкты жокко чыгарды

205
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды.Тактап айтканда, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын туура эмес эсептөө жана кошумча нарк салыгын негизсиз эсептөө аркылуу ишкердик субъектиге 91 млн сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык милдеттенмелери жүктөлгөн. Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъекттин бузулган укуктары калыбына келтирилип, аталган суммалар толугу менен жокко чыгарылды. Ал эми, салык органынын 4 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.

Прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөргө жана негизсиз салыктык басымга жол бербөө багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

206