7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент БУУнун 77-кризистик кырдаалдан чыгуу сессиясына катышат

523

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет.

Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери катышат.

Уюмдун 77-сессиясы 2021-жылдын 26-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт. Анда “Азия-Тынч океан регионундагы кызматташуунун негизинде “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен кризистик кырдаалдан чыгуу” темасы талкууланат.

Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524