Жалал-Абад шаарында мунай ташыган поезд кырсыкка кабылды. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абад облусундагы журналисти Руслан Калматов билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, шагыл жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Темир жол кесилишинен өтүп бара жаткан поезддин артына урунган.
«Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасында мунай ташыган поезд менен оор жүк ташуучу унаа кагышкан. Транспорт инспекциясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу кененирээк маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, поезд айылга баруучу унаа жолду жаап калган.