Кечээ, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн «UFC 261» мелдешинин алкагында өткөн беттеште кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Жесика Андрадени техникалык нокаут менен жеңип, бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоп калды.
Биринчи турда Шевченко өзүнүн чеберчилиги менен атаандашына үстөмдүк кылган. Экинчи раундда Валентина эки жолу атаандашын жерге көтөрүп чаап, андан кийин техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, Шевченко 2018-жылдын декабрь айында Джоанна Джеджейчикти жеңип, жеңил салмактагы чемпиондук наамга ээ болгон. Андан соң Джессика Ай, Лиз Кармуш, Кетлин Чукагян жана Дженнифер Майяга каршы чыгып, жеңишке жеткен.
“Дүйнө жүзү боюнча эң мыкты тайбоксёр аял”- наамынын ээси мушкер айым бул жеңишинен кийин: “ Мен адамдарды таң калтырганды жакшы көрөм, алар менден кандайдыр бир техника күтүшпөйт. Бирок, мен бардык техниканы жакшы өздөштүргөм. Мен ким менен болсо дагы мушташууга даярмын. Мен бул жердемин. Менин атаандаштарым алсыз жактарымды табууга аракет кылышат, бирок убактыңарды бекер коротпогула, алсыз жактарым жок”, — деп билдирди ал.