Бугүн, 26-апрель Ош шаарындагы Ош Технологиялык Университетинин жамааты окуу жайга жаңыдан жетекчилик кызматка Пазылбек Түркпаевди дайындалды деп, университеттин алдына нааразычылык акция өткөрүшкөн.
Маалыматка ылайык, ал ОшТУнун окуу жана тарбия иштери боюнча ректорунун биринчи орун басары кызматына, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган.
Митингчилердин айтымында, жаңы жетекчини министрликтин статс-катчысы бүгүн жамаатка тааныштырмак болгон. Натыйжада Пазылбек Түрпаев жаңы дайындалып келбегенин, ал университетке башка иштери менен келгенин айткан.
«Бизде ушундай позиция бар, ким ректор болуп келсе да мыйзамдын негизинде келиши керек, ошону менен коллектив иштешет. 10 миңдеген студент, 1000ге жакын коллектив бар. Алардын оюн да сыйлаш керек да. Жаштар келе жатат дешет, бирок иштеп жаткан жаш кадрлардын үстүнө такыр көрүп билбеген, Университеттин ичинде бир күн да иштебеген, кухнясын түшүнбөгөн адам кантип жетекчи болот?», — дейт окуу жайдын өкүлү Рамис Ыдырысов түз эфирде.
Окуу жай 6 айдан бери ректору жок. Андыктан окуу иштери боюнча проректору, ректордун милдетин да аткарып жаткан.
Мурдагы ректор Абдыкадыр Абидовдун 5 жылдык мөөнөтү 2020-жылдын ноябрь айында соңуна чыгып, жаңы шайлоо дайындалган болчу. Мурдагы ректор, мыйзамга каршы, 3-ирет да шайлоого катышып жатканы үчүн жамаат тараптан арыз жазылып, ал иш сотто каралып жатат.
Ош шаардык жана облустук соту тарабынан эки ача чечим чыккандыгына байланыштуу, иш акыркы инстацияда Жогоку сотто каралышы күтүлүүдө.