Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү. Бул тууралуу Муниципалит билдирди.
Маалым болгондой, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.
Иш-чарага кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген шаар тургундары да катышты.
Жалпысынан 2 миңден ашуун велосипедчи катышты. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулду.



