7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый алгачкы сапар: Сейшел аралдарына баруу үчүн эми визанын кереги жок

4

4-майда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сейшел Аралдары Республикасынын Тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Бул сапар Сейшел Аралдарынын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасына эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы алгачкы сапары экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жолугушууларды өткөрүү да пландалууда.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 3–6-май күндөрү Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Сейшел Аралдары Республикасынын Тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргызстанга расмий сапар менен келүүдө.

 

5